Ишкер Жалил Атамбаев кармалды

  • 1 месяц мурун

Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен ишкер Жалил Атамбаев кармалганы кабарланды.   

Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук соту Жалил Атамбаевди 4-сентябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Жалил Атамбаевге уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси боюнча айып коюлууда.  

Үч жыл мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы милиция кызматкери, азыркы ишкер Жалил Атамбаевге бир нече беренелер менен кылмыш ишин козгогон. Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө мыйзамсыз байыгандыгына шектелүүдө.

Атамбаев жана анын адвокаттары тергөө менен кызматташууга, келтирилген зыянды мамлекет бюджетине төлөп берүүгө даяр экени тууралуу өтүнүч келтиришкен. Жалил Атамбаев депозиттик эсепке 50,5 миллион сомдон ашык которгонун, дагы 50 миллион сомду айдын аягына чейин төлөй турганын УКМК маалымдады.

Сүрөттө: Жалил Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты