Исхак Масалиев Акылбек Жапаровдун отставкасы тууралуу маселе көтөрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасы тууралуу маселе көтөрдү.

«Башынан эле Теңиз Бөлтүрүккө депутаттар «ишенбейбиз» деп айткан болчу. Акылбек Жапаров болсо жок, ал таза иштейт деген. Демек, өзү дагы жоопко тартылышы керек. Акылбек Жапаровдун ишенген кишиси ушундай уурулук кылса, ээси да жооп бериши шарт», — деди ал.

Ал Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү боюнча президентке сунуш берүү керектигин айтты.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулу кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты