Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.

2021-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүүгө ниеттенип жатканын айткан. Ал бул демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырыларын билдирген.

Исфана шаары — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты