Ири өлчөмдөгү баңгизат менен милиция кызматкери кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ири өлчөмдөгү баңгизат менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда.

ИИМдин жетекчилигинин көрсөтмөсүнүн негизинде 11-февраль күнү Бишкек шаарынан Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна терс таасирин тийгизген жана ар-намысына шек келтирген милиция кызматкерлерин аныктоо максатында атайын иш-чара жүргүзүлдү.
Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган А уулу Т, К. Б., Ж.Ы, Б уулу С. тинтүү жүргүзүүдө алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү «гашиш» баңги каражаттары алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын биринин жанында Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул күзөтү полкунун милиционери кызматында экендигин тастыктаган милициянын сержанты наамындагы күбөлүгү алынган.
Кармалган А уулу Т., Ж.Ы. соттун санкциясына ылайык Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын 21- мекемесине киргизилген.

Азыркы учурда ИИМ БМЖКК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө аралашкан бардык адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты