Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелген курьер кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелген курьер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде телефон алдамчылыгы кескин өсүшүнө байланыштуу ички иштер органдарынын баардык ыкчам кызматтары толук кандуу иштеп жатышат. Милиция телефон алдамчылыгын алдын алуу боюнча да чоң иштерди жүргүзүүдө.

«Жарандарга алдамчылыктын түрлөрү жана алардын ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, алдамчылардын курмандыгы болбоо боюнча сунуштарды беришүүдө. Ал эми, жасалган кылмыштар жөнүндө макалалар жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылууда. Бирок, көрүлгөн чараларга карабастан, алдоо жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жасалган алдамчылык фактылары орун алууда. Өзгөчө мындай учурлардын көбү Бишкек шаарынын аймагында катталган», — деп жазылат маалыматта.

Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи менен биргеликте телефон алдамчылыгына аралашкан кезектеги шектүүнү кармашкан. Курьер алданган жарандардан өзгөчө ири өлчөмдө акча алып турган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты