Ири криптовалюталык биржанын негиздөөчүсү Кыргызстанга келди

  • 1 год мурун

Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Чанпэн Чжао Президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Ошондой эле ал Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты