Иранга чабуулдан кийин Казакстандын күч түзүмдөрү 24 сааттык режимге өттү
- 3 месяца мурун
Иран айланасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Казакстандын бардык күч түзүмдөрү 24 сааттык иш режимине өткөрүлдү. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.
Анын айтымында, Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетовго күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери менен биргеликте өзгөчө чаралар планын иштеп чыгууну тапшырган. План Иран айланасындагы кырдаалдын курчушу жана Казакстандагы туруктуулукка мүмкүн болуучу коркунучтарды эске алуу менен даярдалат.
Эске салсак, бүгүн Израильдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду.
Муну бөлүшүү




