Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиан август айында ант берет

  • 2 месяца мурун

Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңишке жеткен Масуд Пезешкиан август айынын башында мыйзам чыгаруучулардын алдында ант берет.

Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Мождаба Йосефи мамлекеттик маалымат каражаттарына билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарыялаган соңку жыйынтыктарга ылайык, 69 жаштагы Пезешкиан ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилди 53,7% добуш менен жеңди. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Мамлекеттик IRNA агенттиги жазгандай, ант берүү аземи 4-августта же 5-августта өтөт.

2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп келген Пезешкиан 2016-2020-жылдары спикердин орун басары кызматында иштеген.

Күтүүсүз жеңиштен кийин мурдагы кардиохирург жаш ирандыктарга ыраазычылык билдирди.

«Менин командама чын дили менен кошулган бардык эр жүрөк жана жөндөмдүү жаштарга өзгөчө ыраазчылык билдирем» деп жазды ал «X» социалдык түйүнүнө. Иранда шайлоо мурдагы президент Эбрахим Раисинин 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өттү.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты