Ирандагы толкундоолордо бери дегенде 133 киши курман болду

Иранда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу уланып жаткан элдик толкундоолордо бери дегенде 133 киши каза болду. Бул тууралуу Iran Human Rights укук коргоо уюму кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун 40тан ашыгы Захедан шаарына туура келет. Бул калаанын тургундары хижаб кийүү эрежесин бузууга айыпталып кармалгандан кийин мерт болгон 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө нааразылык билдиргенден тышкары жергиликтүү полициянын башчысын 15 жаштагы кызды зордуктоого айыптап, аны жазалоону талап кылышкан.

30-сентябрда шаардын жашоочулары жергиликтүү полициянын алдына чогулуп, айрымдары анын имаратын көздөй таш ыргыткан. Интернетке жарыяланган видеодо полициянын өрттөнүп жаткан автоунаасын да көрүүгө болот. Чогулган адамдарга полиция бөлүмүнөн жана анын үстүндө учуп жүргөн тик учактан ок атылган. Кийинчерээк иран бийлиги бул окуяны полиция бөлүмүнө жасалган «террористтик чабуул» деп атаган. Түрдүү маалыматтар боюнча, ок атуудан 19дан 58ге чейин киши каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган.

16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп келатат.

Тегеран демонстрация, митингдерди козутуп жатат деп чет өлкөлөрдү айыптап жатат. Иран бийлиги өткөн аптада Франция, Германия, Италия, Нидерланды жана Польшанын жарандары кармалганын билдирген.

Сүрөт: «Твиттер» социалдык тармагынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты