Ирандагы нааразылыктардан улам “моралдык полицияны” жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

4-декабрда Украинанын “hromadske.ua” радиосунда “Иран өлкөдөгү  нааразылык акцияларынан улам “адеп (моралдык) полициясын” жокко чыгарды” деген маалымат жарыяланган. Анда бул тууралуу Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери ISNA маалымат агенттигине билдиргени айтылат. 

Ирандагы нааразылыктардан улам “моралдык полицияны” жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

ISNA маалымат сайты: “Мохаммад Жафар Монтазери “моралдык полиция” жоюлганын кабарлады”

Бир топ ирандык жана чет өлкөлүк маалымат агенттиктери Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазеринин “Моралдык полициянын” жоюлганы тууралуу кабарда ISNA маалымат агенттигине шилтеме беришкен.

Маалыматта айтылгандай, 3-декабрда Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери диний конференция учурунда суроолорго жооп берип жатып,  «эмне үчүн моралдык полиция жабылды?» деген суроого мындай деп жооп берген:

«Моралдык полициянын сот бийлигине эч кандай тиешеси жок жана аны ошол орноткон адамдар эле жапты. Бирок, албетте, сот коомдогу социалдык жүрүм-турумга мониторинг жүргүзүүнү улантат”, — деп айтканы белгиленет. 

Бирок ISNA маалымат агенттигинен бул материалдын оригиналын табуу мүмкүн болгон жок. 

Ал эми 3-декабрда Ирандын мамлекеттик “Аль-Алам” жаңылыктар каналы өлкөнүн “моралдык полициясы” жабылды деген маалымат каражаттарынын билдирүүсүн четке каккан

Ирандагы нааразылыктардан улам “моралдык полицияны” жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Ирандын мамлекеттик “Аль-Алам” сайтынын билдирүүсүнө ылайык, генерал Мохаммад Жафар Монтазеринин сөзү чет өлкөлүк ЖМКлар тарабынан бурмаланып берилген.

“Басма сөз жыйынында генерал Мохаммад Жафар Монтазери “моралдык полиция” сот бийлигин ээрчибей турганын, мурда ким “моралдык полицияны” орнотсо, аларды өзү жокко чыгарганын түшүндүрдү.

Ирандын мамлекеттик прокурорунун мындай тактоосу Иран Ислам Республикасынын бир дагы расмий өкүлү моралдык полициянын жабылганын тастыктай элек учурда жасалды. Шейх Мохаммад Жаафар Монтазеринин сөзүнөн “моралдык полиция” түзүлгөндөн бери сот органдары менен динамикалуу түрдө байланышта болгон эмес деген тыянак чыгарууга болот. Бул кээ бир чет элдик маалымат каражаттары Ирандын башкы прокурорунун сөздөрүн Иран Ислам Республикасы хиджаб кийүү жана ар-намыстуулуктан баш тартуусу жана анын таасири катары көрсөтүүгө аракет кылган учурга туш келди”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ISNA (Iranian Students’ News Agency) — 1999-жылы 4-ноябрда негизделген. ISNAнын кабарчыларынын жана редакторлорунун көбүн Иран университеттеринде билим алып жаткан студенттер түзүп, алардын көбү агенттикте ыктыярдуу түрдө иштешет. Маалымат агенттиги Иран өкмөтүнөн жана Ирандын академиялык изилдөөлөр борборунан каржылык колдоо алып,

жаңылыктарды фарс, англис, француз жана араб тилдеринде жарыялайт. 

“Моралдык полиция” 

Моралдык полиция расмий түрдө Гашт-е Эршад же “Насаат берүүчү патруль” деп аталат. Бул орган 2006-жылы Ирандын ошол учурдагы президенти Махмуд Ахмадинежаддын тушунда “жөнөкөйлүк жана хиджаб маданиятын жайылтуу” үчүн пайда болгон. 

Ирандын мыйзамдарына ылайык, жашы так аныкталбаганы менен бойго жеткен бардык аялдар коомдук жайларда жоолук жана кенен кийим кийиши керек. Мектепте кыздар негизинен 7 жаштан баштап хиджаб кийүүгө милдеттүү. Ирандын социалдык нормаларынын көбү мамлекеттин Ислам шарият мыйзамдарын чечмелөөгө негизделет. Бул мыйзамга ылайык, эркектер да, аялдар да жупуну кийинүүнү талап кылат. Ал эми иш жүзүндө “моралдык полиция” аялдарды биринчи кезекте бутага алган.

Махса Амининин өлүмү жана толкундоолор 

Сентябрдан бери Иранда 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда. Ал хиджабды «туура эмес» кийгени үчүн “адеп полициясы” тарабынан кармалгандан кийин каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Махса Амини полициянын унаасында катуу сабалгандан кийин өзүнө келе алган эмес. Иран бийлиги Амини «капысынан жүрөгү кармап» каза болгонун айтышса, туугандары бийлик “кылмышын жашырып жатат” деп айтышкан.

Ирандагы нааразылыктардан улам “моралдык полицияны” жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Ирандагы массалык толкундоолор Махса Амини акыркы сапарга узатылган күнү башталган. Митингчилер хиджаб кийүүнү милдеттүү түрдө алып салууну талап кылышууда. Махса Аминиге тилектештик жана колдоо көрсөтүү катары аялдар жана кыздар жоолуктарын өрттөп, чачын кыркышкан.

Ирандагы нааразылыктардан улам “моралдык полицияны” жокко чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Махсанын өлүмүнөн кийин бүтүндөй өлкөдө режимге каршы нааразылык акциялары башталып, бийлик аны катуу басып жатат. Укук коргоочулар декабрь айынын башына карата Иранда 469 демонстрант набыт болгонун, алардын 64ү жашы жете элек балдар экенин айтышууда. 18 миңден ашуун демонстрант кармалган. Иран бийлиги нааразылык акциялары маалында 200гө жакын адам каза болгонун билдирди.

Жыйынтык: Ирандагы “моралдык полициянын” айынан башталган толкундоодо 200гө жакын адам каза болгону чындык. Бирок Иран бийлиги “моралдык полициянын” ишин токтотуу чечимин кабыл алган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты