Иранда нааразылык акциясына чыккандардын бири дарга асылды

  • 2 года мурун

Иранда өкмөткө каршы жапырт нааразылык акцияларга катышканы үчүн өлүм жазасына тартылган 11 адамдын алгачкысы – активист Мохсен Шекари дарга асылды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» кабарлады.

Буга чейин Ирандын Революциялык соту Шекари «Кудайга каршы душмандык кылганын» билдирип, аны күч кызматкерлерин жарадар кылган «куралдуу аракеттерге» катышууга күнөөлүү деп тапкан.

Ирандагы нааразылык акциялар эки жарым ай мурда башталган. 13-сентябрда Тегерандын Адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин, 16-сентябрда ал абакта каза болуп калган. Полиция кыз жүрөгү кармап өлгөнүн маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтышкан.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланган. Демонстранттардын арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы «Хаменеи кулатылат!» жана «Диктаторго өлүм!» деп ураан чакыргандар көп болду.

Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атып жатат. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.

Ирандын бийлиги нааразылыкты басуу үчүн анда кармалгандарга катаал жаза берип, бир нече демонстрантты өлүм жазасына өкүм кылды. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдар митингге чыккандарга карата мындай өкүмдөрдү кескин айыптоодо.

Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) соңку статистикасында Ирандагы каршылыктардын курмандыктары 470ке жеткенин маалымдады. Анын 64ү жаш бала.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты