Ирактагы 40тан ашуун кыргызстандык аял мекенге кайтып келүү үчүн жардамга муктаж
- 10 месяцев мурун
Ирактан Кыргызстанга 40тан ашык аял кайтарылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына билдирди.
Депутат 11-августта бул аялдардын жакындары менен жолуккан.
«Аларды да Кыргызстанга кайтаруу керек. Анткени алар биздин жарандар, Конституция бизди камкордукка алууга милдеттендирет. Бул жолу президент алардын жакындарынан баш тартпай, алардын кайтып келишине көмөк көрсөтөт деп ишенем. 40тан ашуун аялдын абалы начар, жардамга муктаж», — деп жазган депутат.
2021-жылдан бери кыргыз өкмөтү Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүп келет.
Буга чейин маалымдалгандай, акыркы жылдары 500дөн ашуун жаран кайтарылган, алардын көбү жашы жете элек балдар.
Муну бөлүшүү




