Интернетте диний кастыкты козутуучу постторду бөлүшкөн баракчаны текшеребиз (Фактчекинг)
- 2 недели мурун
- Фактчекинг
Инстаграм социалдык тармагында @formulasy деп аталган баракча “Эмне үчүн каапырлар мусулмандарга кол салууга батынып жатышат”,- деген аталыштагы видео бөлүшкөн. Видеодо “Ислам дүйнөсүнөн коркушпайт. Ошон үчүн кол салып жатышпайбы?”-деп айтылат. Бул видео колдонуучулардын мусулман эместерге карата душманчыл көз-караштагы комментарийлерди жазуусууна себеп болгон.
“ПолитКлиника” медиасы Инстаграмдагы бул баракчага жалпы анализ жүргүзүп, бөлүшкөн постторунда диний кастыкты козгоочу белгилер бар экенин аныктады. Төмөндө баракчанын ишмердүүлүгү жана кастык тили тууралуу кененирээк айтып беребиз.
@formulasy деп аталган баракча 2015-жылы ачылган. Аныктамасында “Бактылуулук формуласы” деп берилет. Инстаграмда 507 миң катталуучусу бар. Дин темасына жана Палестина — Газа темасына байланыштуу постторду үзгүлтүксүз бөлүшүп турат. Жалпы жонунан 10 309 пост бөлүшкөн.
Диний кастыкты козгоочу белгилер бар
@formulasy баракчасы бөлүшкөн постторунда адамдарды “биз” жана “жөөттөр” , “сионисттер”, “крестүүлөр”, “адам сымал шайтандар”, “атеисттер”, “каапырлар”, “шииттер” деп бөлүү менен адамдарды бири-бирине улуту, дини, диндеги агымы боюнча салыштырып, карама-каршы коёт. Баракча колдонгон бул сөздөр адамдарды ынанымына карай бөлүп жаруучу, жек көрсөтүүчү мүнөзгө ээ жана кастык тили болуп эсептелинет.
Баракчанын постторунун контекстинде карап көрсөк кастык тилин, “Биз эркек бойдон калганга чейин крестүүлөр кайтып келбейт”, “Индуизм — сионизмдин бир тууганы экенин далилдеди!”, “Шииттердин чыныгы жүзү! Эч качан мусулмандарга жакшылык кылган эмес” деген аталыштардан көрө алабыз.
Мындай посттор өз кезегинде колдонуучулар тарабынан душманчыл көз-караш жана агрессияны пайда кылган.
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын 32-беренесине ылайык, басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ылайык:
1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
“Хамасты” пропагандалоо
@formulasy акыркы бир жыл ичинде Палестина-Газа темасына көп кайрылган. Бирок Палестина мамлекетине карата тилектештик менен биргеликте “Хамас” радикалдык кыймылын пропагандалоо да бар.
Баракча Палестинанын учурдагы президенти Мухаммед Аббастын президенттик кызматын “мыйзамсыз” деп атаган. Ошондой эле “Хамас” жана анын мүчөлөрү болгон Исмаил Хания, Яхья Синвар, Ахмет Ясин, Халид Машал аттуу адамдардын ой-пикири, көз-карашы, жана уюмдагы жолу тууралуу бир жыл ичинде жалпы 17 пост бөлүшкөн.
Мисал катары, “Исмаил Хания деген ким?”, “Яхья Синвардын тарыхка тамга баскан сөздөрү”, “Израил өлтүрө албаган лидер: Халид Машал” деген постторду келтирсек болот.
Ашкере протестти демонстрациялаган видеолорду бөлүшкөн
Баракча ашкере протестти, радикалдык иш-аракеттерди демонстациялаган видеолорду бөлүшкөн. Алар “Экранда Нетаньянхуну көргөн аялдар телевизорду талкалап жиберишти”, “АКШлык жаран Палестина үчүн өзүн-өзү өрттөдү”, “Өзүн өзү өрттөгөн Америкалык аскер жана мусулмандардын жоопкерчилиги” деген аталыштар менен берилген.
Муну менен катар “ойготуу”, түз жасалбаса да кыйыр маанидеги чакырык белгилери бул жылдын эсебинен 6 посттон байкалат.
Алардын биринде мындай деп жазылган:
“Ким мекенин коргоп согушса, ага мекенинен бир метрден ашыкча жер берилбеши мүмкүн. Бирок, ким Аллах жолунда согушса ага кулак укпаган, көз көрбөгөн укмуштуу бейиш убадаланган”. Газа дубалындагы жазуу.
Мындай посттор эмнеси менен коркунучтуу жана кастык тили деген эмне?
Кастык тили – бул адамды этникалык, диний, гендердик, жыныстык, расалык, социалдык белгилерине карата кемсинтүүгө, басынтууга, агрессияга багытталган кайсы форматтагы болбосун басынтуучу коммуникация.
Кастык тили – дайыма контекстке байланыштуу, ал айлана-чөйрөдөгү кырдаалга, максаттуу топко жана аны айткан адамга көз каранды болуп эсептелинет.
Ал эми жогоруда колдонулган кастык тили “алар жана биз”, “биз жакшы, а алар жаман” деп бөлүүгө багытталган. Мындай бөлүү агрессия багытталган топко карата зордук-зомбулукту актоого алып келет. Натыйжада дин сыяктуу сезимтал темалардагы кастык тилинин кыймыл-аракетке өтүп кетүү коркунучу бар.
Мисалы ушул эле баракча бөлүшкөн “Акса мечитине аттангыла” “Аль-Акса мечитинин имамы мусулмандарга кайрылды” деген посттун астына колдонуучулар төмөндөгүдөй комментарийлерди калтырышкан:
Бул өңдүү контентти кантип азайтууга болот?
Инстаграмда кастык тили же диний кастыкты козгоочу постторду көрүп калсаңыз, төмөнкү кадамдарды жасасаңыз болот:
Ар бир посттун жанында үч чекиттүү меню бар. Аны басып, «Арыздануу» (Пожаловаться) опциясын тандап, бул постто коркунуч туудурган белгилердин бирин белгилесеңиз болот. Инстаграм кастык тилин же жек көрүүнү козгоону өз эрежелерине каршы деп эсептейт, ошондуктан булар боюнча чара көрүшү мүмкүн.
Жергиликтүү бийликтерге же укук коргоо органдарына кайрылуу:
Эгер пост улуттук коопсуздукка же коомдук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратса, анда жергиликтүү укук коргоо органдарына билдирүү сунушталат.
Жыйынтык: @formulasy баракчасы бөлүшкөн посттор диний кастыкты козгоочу жана радикалдык иш-аракеттерди пропагандалоочу белгилерди камтыйт.
Сүрөт: интернет булактары