Интернет клубдан 14 миң сомдук наушник уурдаганга шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Интернет клубдан 14 миң сомдук наушник уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Р.Т. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол күнү болжол менен саат 06:40 чамасында белгисиз адам Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан интернет клубдун ичинен 14 миң сом турган «Haynes»маркасындагы наушникти уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Ж.Э. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш -жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлерине мурда уурдалган наушникти өз ыктыяры менен кайтарып берген, ал буюм далил зат катары табылган. Учурда шектүүнүн алты факт боюнча кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты