Индонезияда никесиз жыныстык катнашка тыюу салынды

  • 2 года мурун

Индонезиянын парламенти жарандардын (анын ичинде туристтердин да) никесиз жыныстык катнашка баруусуна тыюу салган Кылмыш кодексинин жаңы редакциясын жактырды. Бул тыюуну бузгандарга бир жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Өзгөртүүлөрдү өлкөдөгү бардык саясий партиялар колдоп, коронавирус пандемиясынан кийин кайра калыбына келе баштаган туризм тармагынын өкүлдөрү каршы болууда. Буга чейин алар 2025-жылга карата өлкөгө туристтердин агымы пандемияга чейинки 6 миллиондук чекке жетет деп божомолдоп жатышкан. Туристтик операторлор жаңы кылмыш беренелери чет өлкөлүктөр менен инвесторлорду качырышы мүмкүн деп эсептешүүдө.

Өз кезегинде бийлик «индонезиялыктардын баалуулуктарын сактоого» багытталган кодекстин жаңы редакциясы үч жылдан кийин гана күчүнө кирерин билдирүүдө. Мыйзамга каршы жыныстык катнаш боюнча шектүүлөрдүн ата-энеси, жубайы же балдары гана даттана алышат. Бүгүнкү күндө Индонезияда ойноштукка тыюу салынган.

Жаңы кодекс никесиз жыныстык катнаштан тышкары сыйкырчылыкка, бийликти кемсинтүүгө, оппозициялык идеяларды айтууга жана алдын ала эскертүүсүз нааразылык акцияларды өткөрүүгө тыюу салат. Укук коргоочулар бул өзгөртүүлөрдү сындап, ал «чоңдугу боюнча дүйнөдөгү үчүнчү демократиядагы жарандык эркиндикти чектей турганын» билдирүүдө. Эл аралык EIU изилдөө борборунун демократия боюнча индексинде Индонезия «жетилбеген демократия» деп табылып, 52-орунга жайгашкан.

Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына каршы өлкөдө анча чоң эмес нааразылык акциялар өттү. Алар кодекс 1998-жылдан кийин Индонезияда жүргүзүлгөн либералдык реформаларга каршы келет деп эсептөөдө.

Индонезиянын бийлиги 2019-жылы да Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылган. Бирок анда он миңдеген адам жапырт нааразылык акциясына чыгып, каршылык билдиргенден кийин сунушту чакыртып алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты