Индияда миңдеген студент көчөгө чыгып, министрдин отставкасын талап кылууда
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Индиянын борбору Нью-Делиде медициналык окуу жайларга кирүү экзамендеринин жыйынтыктары жокко чыгарылганына байланыштуу массалык нааразылык акциялары күчөп жатат.
Миңдеген жаштар жана студенттер парламентке карай жөө жүрүшкө чыгып, билим берүү министри Дхармендра Прадхан кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга 1 миллиондон ашуун талапкер тапшырган экзамендердин жыйынтыгы суроолордун сыртка чыгып кетишине байланыштуу жокко чыгарылганы себеп болгон. Эми бүтүрүүчүлөр тестти кайра тапшырууга мажбур.
Акциялар бир нече аптадан бери уланып, полиция менен кагылышуулар катталууда. The New York Times маалымдагандай, Делидеги эки ооруканага 100дөн ашык адам жеткирилген, кеминде 50 полиция кызматкери жабыркаган, ал эми 60тан ашуун демонстрант кармалган. Тартип сакчылары нааразычылык акциясына чыккандарды таратуу үчүн союл жана көздөн жаш агызган газ колдонушкан.
Нааразылык акциялары июль айынын ортосунда күчөгөн.
Акцияларга “Cockroach Janta Party” («Таракандар») кыймылынын өкүлдөрү да катышууда. Алардын айтымында, мамлекеттик экзамендердин суроолору көп жылдан бери сатылып келип, бийлик бул көрүнүшкө каршы жетиштүү чара көрбөй жатат. Бул болсо өлкөнүн билим берүү системасында олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөтөт.
Белгиленгендей, бул кыймыл Индиянын башкы соту жумушсуздарды «тараканга» салыштырган билдирүүсүнөн кийин түзүлгөн.
Нарендра Моди жетектеген өкмөт азырынча нааразылык акцияларына расмий реакция жасай элек. Полиция парламент аймагында коопсуздук чараларын күчөтүп, мыйзам бузбоого чакырууда.
Индияда мындай экзамендер жаштар үчүн жогорку билимге жетүүнүн жана жакшы жумуш табуунун негизги мүмкүнчүлүгү болуп саналгандыктан, алардын жокко чыгарылышы коомчулукта чоң нааразычылык жаратты.
Сүрөт: Интернет булактарынан




