«Индия — Борбор Азия»: Нью-Делиде Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

Нью-Дели шаарында «Индия — Борбор Азия»: Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өттү

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат.

Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана баңги аткезчилигинин, өзгөчө Афганстандын аймагынан келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы кызыкчылык бар экенин баса белгиледи. Борбордук Азия мамлекеттери Индия сыяктуу эле терроризмди чек арасы жок коркунуч катары көрүшөрүн белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты