Импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр үчүн кошумча нарк салыгынын жаңы өлчөмү бекитилди

  • 1 год мурун

2025-жылдын 23-февралынан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоочулар, ошондой эле республиканын аймагында товар өндүргөн ишкерлер үчүн белгиленген баалары бар товарлардын жаңы тизмеси күчүнө кирет. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы токтомуна ылайык, товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына товарларды импорттоону жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө гана колдонулган.

«Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы токтомунун алкагында кошумча нарк салыгынын салык базасын аныктоонун жана колдонуунун жаңы тартиби бекитилген. Анда бул тартип импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркын гана эмес, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын жеткирүүнүн салык салынуучу наркын да камтыйт»,- деп айтылат маалыматта.

Буйрук менен бул шилтемеден, ал эми товарлардын тизмеси менен бул шилтемеден же Салык кызматынын расмий сайтындагы «Билим базасы» бөлүмүндөгү «Евразия экономикалык бирлиги» бөлүмчөсүнөн таанышууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты