Жактоочу: Абактагы Имамидин Ташов 4 күндөн бери ачкачылык жарыялоодо (видео)

  • 2 года мурун

Ишкер Имамидин Ташов 13-январдан бери кургак ачкачылык жарыялоодо. Бул туурасында анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Бүгүн, 17-январда болуп өткөн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ишкер Имамидин Ташовдун соттук отуруму өттү. Ташовдун жактоочусу бүгүнкү соттук отурумда сот арачыларынын катышуусу боюнча өтүнүч сот тарабынан четке кагылганын билдирди. Ошондой эле, кийинки соттук отурум 4-февралга жылдырылганын маалымдады.

Жактоочунун айтымында, Имамидин Ташов абакта 4 күндөн бери ачкачылык кармоодо. Ал Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты четке кагып жатканын билдирип, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышканын кабарлады.

«Өзүнүн айтуусунда (ред. Имамидин Ташов) Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинин жетекчилигине арыз менен кайрылса, ал жактан арызды албай, эч кандай жоопту да берген эмес. Бирок сот отурумунда ал жерден 13-январдан баштап кургак ачкачылык жарыялаганын өзү да айтып атат. Бирок өткөндө жаза аткаруу кызматы аны четке какты, арыз менен кайрылган эмес деп. Мен дагы Жаза аткаруу кызматынын жөнөткөн пресс-релизин четке какмакмын, себеби дегенде бүгүн ачкачылык жарыялаганы боюнча Имамидин Ташовдун өзүнөн дагы уктум. Аны ал жерден ачкачылык кармагандыгы үчүн 325-камерадан 245-камерага которгон экен. Бул боюнча биз Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго, Башкы прокуратурага жана Юстиция министрлигине арызыбыз менен кайрылдык»,- деп билдирди жактоочусу.

Ал эми Ташовдун апасы баласынын ачарчылык жарыялаганын коомчулукка айтпай жатышканын билдирди. Ошондой эле ал соттордон адилеттүү чечим чыгарып берүүнү суранарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты