Илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50 пайыз жогорулатуу чечими кабыл алынды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50 пайыз жогорулатуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжада 1-январдан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2 миң 700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1 миң 350 сом өлчөмүндө.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты