Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бардык министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде өкмөткө караштуу ишканалардын бюджетинин 1 пайызы келерки жылы илимге жана инновацияга багытталат. Илимдер академиясы бул механизмди иштеп чыгып, бизге сунушташы керек. Чет элдик компаниялардын бири үч студент жана бир доцент менен ишин баштаган. Алар уюлдук телефон чыгара тургандыгын билдиришкенде, баары жылмайып тим болушкан. Азыр ал резина өтүктөрдөн баштап космостук спутниктерге чейин өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Илимдер академиясынын президентинен, ЖОЖдордун ректорлорунан мен ушундай аракеттерди күтөм», — деди ал.

Акылбек Жапаров илимий багыттар боюнча мамлекеттик заказды бекитүү зарылдыгын белгиледи.

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин отурумунда Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды, ошондой эле ата мекендик саламаттыкты сактоо тармагын жана медицина илимин реформалоо боюнча сунуштар талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, келерки жылы өлкөнүн аймактарында 20 оорукананын курулушун баштоо пландаштырылууда. Ал Саламаттык сактоо министрлигине ведомствону реформалоо боюнча концепциянын долбоорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, тармактык мамлекеттик илимий мекемелердин жетекчилери, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты