Иликтөө: Санкциялык тизмедеги беларус жыгачы Европага Кыргызстан жана Казакстан аркылуу сатылууда

  • 2 года мурун

Европа Биримдиги (ЕБ) беларус жыгачын импорттоого тыюу салгандан кийин анын Кыргызстан менен Казакстандан ЕБге экспорту миңдеген эсеге өскөн. Бул тууралуу Беларус иликтөөлөр борборунун жаңы иликтөөсүндө айтылат.

Борбордун маалыматына караганда, беларус жыгачы санкциялык тизмеге киргизилери менен бул товардын Казакстандан ЕБге экспорту өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 74 эсеге, Кыргызстандан дээрлик 18 миң эсеге өскөн. Иликтөөчүлөр белгилегендей, мындай өсүү аталган эки өлкө тең жыгач экспортуна чектөөлөрдү киргизгенине карабастан болгон.

Буга чейин «Свобода» радиосу Орусия дагы ЕБ санкцияларын кыйгап өтүү үчүн Кыргызстан менен Казакстан аркылуу ушундай эле жолдорду колдонуп жатканын аныктап чыгышкан.

«Беларус жыгачын санкцияларды кыйгап өтүү жолу менен негизинен Европа Биримдигинин Польша, Литва, Латвия, Германия жана Нидерланды өлкөлөрү сатып алып жаткан», – деп жазылган иликтөөдө.

Чектөөлөргө чейин Польша беларус жыгачын «БЛК Трейдинг» компаниясы аркылуу алып турган. Ал Польшада каттоодон өткөнү менен компанияга «Мостовадрев» деп аталган беларус мамлекеттик ишканасы ээлик кылат. «БЛК Трейдингге» жыгачты тогуз беларус компаниясы жеткирип турган. Иликтөөчүлөр аныктагандай, учурда «БЛК Трейдинг» Польшада беларус товарынын калдыгын сатууда. Ошол эле маалда ал Казакстандан жыгач алып келүүнү жолго коюп алган.

Беларус жыгачынын эң ири импортерлорунун бири эсептелген Литва да санкциялар киргенден кийин бул товарды Кыргызстан менен Казакстандан алып келүүгө өткөн.

Иликтөөчүлөр жыгач өндүргөн беларус компаниялары өз товарларын кайчылаш реэкспорт схемасы менен ЕБге Кыргызстан жана Казакстан аркылуу жеткирүүнү жолго коюп алганын аныкташкан.

Бул ишмердүүлүк менен алектенген компаниялардын бири – Беларустун «Стандарт качества» экспертиза борбору. Ал кайчылаш реэкспортко ортомчу катары Кыргызстанда каттоодон өткөн «Сертификат КейЖи» фирмасын сунуштайт. Бул фирма жыгачты ЕБ бажысынан өткөрүү үчүн беларус компанияларына кыргыз документтерин алууга жардам берери белгилүү болгон.

Иликтөөчүлөр жасалма документтер менен беларус товарын Европага жеткирип жаткан Кыргызстандагы үч фирманы аныктаган – «Агро Кейжи», «СК Гранд» жана «Адмит».

Иликтөөчүлөр менен сүйлөшкөн «Адмит» компаниясынын өкүлү беларус жыгачын ЕБге жеткире аларын ырастаган. Анын айтымында, Кыргызстанда алардын өз өндүрүшү бар жана Европага өздөрү өндүргөн товарлар менен кошо Кыргызстандын сертификаты берилген беларус товарларын да жөнөтүп турушат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн ЕБге жыгач ташуу көлөмү кескин көбөйгөнүнө алгачкылардан болуп Литванын бажычылары көңүл бурушкан. Алардын маалыматына караганда, Бажы кызматына беларус жана орус товарларын алып өтүүдө Кыргызстан менен Казакстанда өндүрүлгөндүгү жазылган декларациялар көрсөтүлүүдө.

«Ачык жана танууга болбой турган белгилери бар: бул таңгактарынан табылган маркирлөө белгилери, товар декларациядан өткөн өлкөлөрдө эмес, Беларуста же Орусияда жүктөлгөнүн көрсөткөн кошумча документтердин топтому. Мындай учурлар көп эле жолу катталган», – деп билдирген иликтөөчүлөргө Литва Бажы кызматынын башчысы Вигантас Пайгозинас.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, Литвада аткезчилик жол менен келген товарларды сатууга Vivalsa компаниясынын тиешеси бар болушу мүмкүн. Буга чейин бул компания Орусиядан алып келинген товарларды сатса, санкциялар киргизилигенден кийин кыргыз жана казак товарларын сата баштаган. Литванын Siena иликтөө борборунун журналисттери аталган компаниянын кампаларынан «Агро Кейжинин» товарларын тапкан. Vivals компаниясынын ээлеринин бири Саулюс Гирчис ал товарлар Беларустан келгенин мойнуна алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты