Иликтөөнүн фигуранты, Раим Матраимовдун жактоочусу.  Дайырбек Орунбеков жөнүндө эмнелер белгилүү? 

Иликтөөнүн фигуранты, Раим Матраимовдун жактоочусу.  Дайырбек Орунбеков жөнүндө эмнелер белгилүү? 

Бүгүн, 2-августта Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Дайырбек Орунбеков жөнүндө эмнелер белгилүү? “ПолитКлиника” медиасы кызыгып көрдү. 

Орунбеков буга чейин журналист катары белгилүү болгон. Ал 2014-жылы өзүнүн макаласында ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевди жана башка саясатчыларды «2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылыштарга катыштыгы бар» деп айыптаган. 2015-жылы сот аны моралдык чыгым үчүн Алмазбек Атамбаевге 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирсе, 2016-жылы соттун чечимин аткарбаганы үчүн кылмыш ишин козгогон. Бирок 2017-жылы кылмыш иши токтотулган. 

2018-жылдан тартып 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого чейин мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп иштеген.  

Дайырбек Орунбековдун фейктер менен байланышы

2020-жылдын декабрь айында “Клооп” басылмасы чыгарган иликтөөдө, фейк-фермалар менен байланышы болгондугу айтылган. 

Үч булак «Клооптун» журналисттерине Дайырбек Орунбеков Матраимовдорду колдогон фейк-фермалар менен байланышы бар экенин айтып берген. 

«Матраимовдун фейктери боюнча, эми, алардын артында Дайырбек Орунбеков турат да. Кантип аталарын көбүн унутуп калдым, бирок [профилдердин аттары] Патриот Кыргыз деген сыяктуу дайыма кыйкырган аттарды алып жүрөт, так айта албайм, бирок дайыма кыйкырган аттарды алып жүрөт. Гүлжан [Шерипбаевада] дагы 4 фейк тобу бар, ал бир жолу айтып алган» , — деп айтып берген Орунбеков менен жекеме-жеке тааныш болгон булак.

Орунбековдун таанышынын айтымында, ал эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп турганда Матраимовдор кланынын кызыкчылыгында иштеген.

Жаңы кызматтар

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, 2021-жылы «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковдун кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок Сыдыков кызматтан алынгандан кийин Орунбеков да иштен кеткен.

Ал эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалганга чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасында бөлүм жетекчиси болуп иштеген 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты