Иликтөөдөгү Азизбек Ороков ага Эл аралык университеттин балансындагы корпус кандайча жазылып калганын билген эмес

“ПолитКлиника” медиасынын редакциясына “Өзү дагы, мүлкү дагы жеке колдорго өтүп кеткен  КРнын Эл аралык университети” иликтөөсүнүндө айтылган адамдардын бири Азизбек Ороков телефон чалып, Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан №4 корпусун эч качан ижарага албаганын, Мамлекеттик каттоо кызматы анын атына кандайча каттап койгонун түшүнбөй жатканын айтты.

“Менин мамлекеттик каттоо кызматында дагы эч кандай таанышым жок, Эл аралык университетте дагы таанышым жок. Менин атымды ким пайдаланганын аныктоо үчүн мен укук коргоо органдарына кайрылдым”, — дейт Азизбек Ороков.

“ПолитКлиника” медиасы дагы бул иликтөөдөгү фактыларды укук коргоо органдарына берип, алардан укуктук баа берилишин талап кылып жатат. Бул иштин жүрүшүн мындан ары дагы кабарлап турабыз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты