ИИМдин кызматкери пара менен кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери К.М. жана С.У., Т.А аттуу эки жаран пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасына А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. менен биргеликте анын “BMW X7” унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү жана автоунаасын кайтарып берүү үчүн опузалап 20 миң АКШ долларын талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 29-февралында Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана Ж.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана анын тааныштары — ортомчулар С.У. жана Т.А. опузалап жаткан акчадан 4 миң АКШ долларын пара катары алган жеринен кармалышып, камакка алынышты.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты