ИИМдин кичи футбол командалары «Наристе–2026» эл аралык турнирине катышат

  • 5 месяцев мурун

2026-жылдын 3–10-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтө турган «Наристе–2026» эл аралык кичи футбол турниринде КРнын Ички иштер министрлигинин курама командалары катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Турнирге даярдык көрүү максатында жаштар, 35+ жана 45+ категорияларындагы командалар «Динамо» спорт комплексинде машыгууларды өткөрүүдө. Былтыр ИИМдин эки командасы турнирде биринчи жана үчүнчү орундарды ээлеген.

ИИМдин жетекчилиги быйылкы мелдеште да курама командалар ийгиликтүү оюн көрсөтөт деген ишенимде.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты