ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери эмгек акысына үстөк акы төлөнүп берилди

  • 2 года мурун

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери эмгек акысына үстөк акы төлөнүп берилдиберилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган бөлүм Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет», — деп жазылат маалыматта.

Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп, Күзөт кызматынын бардык кызматкерлерине декабрь айы үчүн айлык акыдан сырткары 21 миң сом өлчөмүндө толугу менен үстөк акы төлөндү.

Ал эми 2022-жылдын октябрь жана ноябрь айларындагы үстөк акылары 2023-жылдын 1-чейрегинде төлөнүп берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты