ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүндөгү эки кызматкери кармалды 

  • 6 месяцев мурун

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын П.М. аттуу бөлүм башчысы жана А.А. аттуу ыкчам кызматкери кармалды.

УКМК билдиргендей, алар Орусиянын жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иште жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң доллар) акча талап кылышкан.

Пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышкан. Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акча каражаттарын Орусиядан бөлүп-бөлүп, атайын коюлган адамдардын атына катталган жана «Сбербанк» банктык карталарына которушкан.

Андан кийин аны нак акчага айландыруу жана Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар да тартылган.

Бул ыкма кызмат адамдарына каржылык операцияларга өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга мүмкүндүк берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты