ИИМдин атайын даярдыктагы отряды УКМКнын Оштогу башкармалыгына кирип барып, кармоолор орун алды

  • 1 год мурун
ИИМдин атайын даярдыктагы отряды УКМКнын Оштогу башкармалыгына кирип барып, кармоолор орун алды

ИИМдин атайын даярдыктагы отряды УКМКнын Оштогу башкармалыгына кирип барып, кармоолор орун алды. Бул тууралуу «Кактус» медиасы өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

«Бүгүн, 20-январда ИИМдин атайын багыттагы 20га жакын кызматкери УКМКнын Оштогу башкармалыгынын имаратына кирип барышкан. Тергөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, күч органдары өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын облустагы тергөөчүлөрүн кармашууда. Эки укук коргоо органынын кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгон», — деп жазышты.

Бул боюнча ИИМдин УКМКнын басма сөз кызматы тастыктай элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты