ИИМде турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинде турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев бул иш-чара актуалдуу маселелер боюнча сунуштар иштелип чыгуучу үчүн диалог аянтчасын түзүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын, тегерек столдун алкагында турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча талкуу жүргүзүүлөр болоорун билдирди.

Акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү кеңири талкууланып жатат, мындан тышкары аталган коммерциялык эмес бирикмелер боюнча укук коргоо органдарына кайрылуулардын фактылары көп. Калкта алдамчылык аракеттердин курмандыгы болуу коркунучу бар.

Турак-жай көйгөйлөрүн чечүү азыркы учурда мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат, мамлекеттик кредиттөө программасы башталды. Ошол эле учурда, рынокто аздыр-көптүр пайдалуу шарттарда турак-жай сунуш кылган турак-жай кооперативдеринин саны көп болду, бирок алардын ишинде айкындуулуктун жана ачыктыктын жоктугу каралууда. Турак-жай сатып алууга арналган аманатчылардан чогултулган акча каражаттары кепилдиктер менен бекемделбейт. 2022-жылдын башынан тартып 26-апрелге чейин кыймылсыз мүлк рыногунда турак жай кооперативдеринин ишмердигинде аныкталган мыйзам бузуулар фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан 130дан ашык кылмыш иши козголгон.  Учурда 37 кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, материалдар андан ары териштирүү үчүн сотко жөнөтүлдү.

Жабыркагандардын саны 198 адамды түзөт. Жалпы материалдык зыян 121 миллион сомдон ашык. Мындай фактылар олуттуу тынчсызданууну жаратат.

Ушуга байланыштуу турак-жай кооперативдеринин иши менен байланышкан укуктук жөнгө салуу маселелерин комплекстүү изилдөө зарылдыгы бар. Турак-жай кооперативдеринин ишине мониторинг жүргүзүү жана бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, деп билдирди Ички иштер министринин орун басары. 

Көңүл бурууну жана талкуулоону талап кылган маселелерди кароо максатында мамлекеттик органдардын жана турак-жай кооперативдеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүүсү мерчемделген. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар мыйзамдуулуктун бузулушун өз убагында алдын алууга, жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылууга багытталган. Тегерек столдун жүрүшүндө тийиштүү тыянак чыгаруу үчүн бардык көз караштар терең кунт коюп угулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты