ИИМде Кыргыз милициясынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  • 2 года мурун

1-ноябрда Ички иштер министрлигинде Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, каалоо-тилектерин айтты. “Ардактуу ардагерлер. Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары. Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Биз таза абийир, жогорку жоопкерчилик сезими менен кызмат өтөп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшубуз керек. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана аскер кызматчылары жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн көп учурда өз ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салууга туура келет. Ал эми биздин көптөгөн кызматкерлер кесиптик майрамын өз кызматында өз милдетине, антына бекем бойдон белгилешүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине чын дилимден чың ден-соолукту, бакубатчылыкты, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, күнүмдүк жашоодо бейпилдикти, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты, Ата-Мекендин жыргалчылыгы үчүн жооптуу жана оор жумуштарыңыздарга ийгиликтерди каалайм”, — деди министр.

Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты