ИИМ: Жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары аныкталды

  • 9 месяцев мурун

Жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгыныны кызматкерлери Москва районунун аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактысын аныкташкан. Чүй облусунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, жергиликтүү айыл өкмөтүнө таандык болгон 55 гектар жер участогун пайдаланууга же иштетүүгө тийиштүү документтери жок болгондугуна карабастан, аталган айдоо жер аянтын өз алдынча басып алуу жана иштетүү үчүн өзүнүн тааныш адамдарына буйрутма берген.

«Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголгон.Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, жергиликтүү кеңештин депутаты (Чүй облусу) ошону менен бирге дыйкан чарбасынын төрагасы болгон Н.С., аттуу жаран кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты