ИИМ жарандарды оңой акча табууга азгырылбоого чакырды

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги жарандарды оңой акча табууга азгырылбоого чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдары тарабынан 2023-жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелген, анын ичинен 217 кылмыш иштин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иш боюнча учурда тергөө иштери улантылып келет.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталса калган бөлүктөрү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан.

Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

Каржы пирамида – каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири.

Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты