ИИМ жарандарды күмөн жараткан ойнотууларга ишенбөөгө чакырды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Буга байланыштуу, республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайбыз. Абийирсиз адамдардын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак болууга жана мындай аракеттерге ишенбөөгө чакырабыз. Чоң суммадагы сыйлыктарды сунуштаган күмөн жараткан лотереяларга, викториналарга жана сурамжылоолорго катышпаңыз. Эскертебиз, социалдык тармактарда эч ким лотерея жана конкурстарды өткөрбөйт.

Чагымчылдыкка алдырбоого, текшерилбеген аккаунттар боюнча күмөн жараткан лотереяларга катышуудан этият болууга, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого чакырабыз. Эч качан интернет аркылуу акча которбоңуз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты