ИИМ жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырды

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлиги жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жарнамалык кампанияга жамынып, элдин көңүлүн буруу максатында алдамчылык аракеттер жасалууда. Ошол эле маалда алдамчылар өздөрүнүн жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин, бизнес өкүлдөрүнүн фото жана видеолорун колдонушууда.

«Белгисиз адамдар социалдык тармактарда, өзгөчө Telegram мессенджеринде кирешелүү делген инвестициялык долбоорлорду жарнамалап, аларды салым кошууга көндүрүп, убакытты жана күч-аракетти коротпостон акча которууну жана үзгүлтүксүз киреше алууну сунушташат. Бирок, аны табуу же кошкон салымды кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга чакырат. Учурда киберкылмышкерлер алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табышууда. Алдамчылар өздөрүнүн курмандыктарын туш келди тандап алышат. Ошондуктан жарандар ыңгайсыз абалга дуушар болуп калбашы үчүн кыраакылыгын жоготпой, этият болушу керек», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты