ИИМ: «Жарандан акча каражатын талап кылган жалган милиция кызматкери кармалды»

  • 1 год мурун

Жарандан акча каражатын талап кылган жалган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну жеке ишкер 43 жаштагы А.А. арыз менен кайрылган. Анда26-январь күнү саат 14:00 чамасында арыздануучунун уюлдук номуруна белгисиз атуул бир канча номурдан телефон чалып, анын үстүнөн компроматтык материалдар бар экендигин айтып, арыздануучунун өмүрүнө коркунуч жаратып, 300 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Кызыл-Кыя ШИИБде катталып, тергөө иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, толук аты-жөнү белгисиз болгон жаран өзүн милиция кызматкери экендигин билдирип, арыздануучудан талап кылып жаткан акча каражатын Бишкек шаарынын Ленин РИИБне алып келүүсүн талап кылган. «28-январь күнү саат 01:00 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде, жабырлануучу А.А. Бишкек ШИИББнын Ленин РИИБдин имаратынын алдына 230 миң сом талап кылып жаткан акча каражатын алган учурда кармалып, анын кийип турган курткасынын сол чөнтөгүнөн жогорудагы акча каражаты далил бюум катары табылап алынды. Кармалган шектүү жарандын аты-жөнү такталып, ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 30 жаштагы Т.Ч. экендиги аныкталган. Кармалган Т.Ч. карата атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынана өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты