ИИМ: Жалал-Абаддагы кесиптик лицейдин өкүлдөрү студенттен пара алууга шектелип, кармалды

  • 1 неделя мурун

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы кесиптик лицейдин директору менен башкы мастери студенттен опузалап 10 миң сом акча пара алууга шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 2005-жылы туулган тургуну күч органдарына арыз менен кайрылган. Анда студент Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу М.Э. мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү үчүн андан 10 миң сом акча каражатын пара катары талап кылып жаткандыгын билдирген.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, аталган кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу 1956-жылы туулган М.Э. жана ошол эле лицейдин башкы мастери 1960-жылы туулган Б.М. арыз ээсинен 10 миң сом пара катары акча алып жаткан мезгилде кылмыш үстүндө кармалган»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты