ИИМ: «Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенгенге шектелген кылмыштуу топ кармалды»

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенгенге шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБге Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. «Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 миң сомун күчкө салып тартып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты