ИИМ: «Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды»

  • 1 год мурун

Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин айдоочулар тартипти сактап калганы байкалды.

Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирген. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.

— Унаанын номерин атайын жаап алса, же номеринин бирөөсү жок башкарса;

— Инспектор автоунааны токтоткон учурда анын талабын аткарбай качып кетсе;

— Каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда;

Ошондой эле, алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып кармалгандар, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат. 8-март күнү Бишкек шаарында алкоголь ичип, унаа башкарып кармалган айдоочулардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсе азайган.

Бишкек шаары боюнча: 2021-жылы — 18 эреже бузуу;

2022-жылы — 20 эреже бузуу;

2023-жылы — 7 эреже бузуу;

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты