ИИМ: Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жол эрежесин бузган айдоочудан акча алган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында мас айдоочунун маселесин чечип берем деп акча алган жалган милиционер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

11-августа Сокулук районунун З.К. аттуу тургуну ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылып, “Назира” аттуу кызматкерге  чара көрүүнү суранган.

Маалыматка ылайык, анда шаар тургуну ушул жылдын 4-августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып, автоунаасы айып аянтчасына токтотулган. Ал эми “Назира” аттуу жаран ишти оң тарапка чечип берүү үчүн 30 миң сом акча алып, ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголгон..

Кечээ, 16-августта саат 15:50лөр чамасында  Бишкектеги “Глобус” соода түйүнүн астынан арыз ээсине мурда алган 30 миң сомдун 16 миңин кайтарып берип жаткан учурда 40 жаштагы Назира С. кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынган.

Учурда кармалган жаран боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кылмышка шектүү катары кармалган Н.С. милицияда иштеген эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты