ИИМ: Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөнү аныкталды

  • 2 года мурун

Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну 2007-жылы туулган К.А. аттуу ѳспүрүм таенесине таарынып үйдѳн чыгып кетип келген эмес.

«Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн. Ал эми, ден соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан. 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап, Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты