ИИМ: турак жай кооперативдерине 1524 адам алданып, келтирилген зыяндын суммасы 1 млрд сомго чукулдады

  • 1 год мурун

2022-жылы 16 турак жай кооперативине алдамчылык фактылары менен арыз-даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өткөн жылы турак жай кооперативиндеги алдамчылык фактылары боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган. Мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган.  Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт. Учурда 108 млн 855 миң 713 сом айыпталуучулардан өндүрүлдү.

ИИМ мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилгенин, бирок ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын белгилеп, жарандарга кооперативдер аркылуу үй сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экенин эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты