ИИМ: «Соттун чечимине баш ийбеген жаран кармалды»

  • 2 года мурун

Издөөгө алынган Араван районунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран 1997-жылы туулган М.У. ал мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, жаран М.У. карата 210 миң сом айып пул салынган. Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты