ИИМ: Сүлүктү шаарында үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жаран кармалды

  • 1 год мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда үйүндө баңгизат өстүрүп, пайдаланып жана сактап жүргөн 
жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн учурда үч даана желим идиште жана ак целлофан баштыкта, чачылган отундар арасынан 1 даана желим идиште, үйүнүн бөлмөсүнөн 1 литрлик, 3 литрлик банкаларда салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү кургатылган 
зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн заттар салмагы 216.85 грамм кургатылган «марихуана” баңгизаты экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголуп, 25-январда шектүү катары 1970-жылы туулган С.Ф. кармалган.

26-январда Сүлүктү шаардык сотунун чечими менен кармалган жаран эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты