ИИМ: Ошто милиция кызматкери жаранды коркутуп, пара талап кылган

  • 1 месяц мурун

Ошто милиция кызматкери жаранды мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, К.Р. аттуу жаран ИИМдин Ички иликтөө кызматына “К” аттуу милиция кызматкери аны кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жатканын билдирип, арыз жазган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты