ИИМ: Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан “Ш” аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты маалыматты каттоо журналында катталган. Маалыматты текшерүү учурунда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген “Ш” аттуу аял көптөн бери баңгизатын таратып жүргөндүгү аныкталган.

Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте 1 кг ашык “гашиш” баңгизатын сатууга аракет кылган 1993-жылы туулган Р.Ш. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты