ИИМ: Орусиядан беш өспүрүм алынып келинди

  • 6 месяцев мурун

Орусиядан Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна беш жаш өспүрүм жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору, өз ишин ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары менен кызматташат.

Адатта Коомдук коопсуздук кызматынын ЖУАБна 3 жаштан 18 жашка чейинки, адашып кеткен, үйдөн жана балдар мекемелеринен өз эркинче кеткен же издөөдө жүргөн балдар алынып келинет. Мындан тышкары бул жерге ата-энесинин камкордугусуз калган жана мамлекеттин жардамына муктаж болгон балдар жеткирилет.

Жакында эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ЖУАБна башка мамлекеттин аймагында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган беш жаш өспүрүм жеткирилген.

Кайтарылып берилген жашы жете электер менен үй-бүлөдө жашоо жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында болуу себептери такталды», — деп жазылат маалыматта.

Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдарды, алардын жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты