ИИМ: «Орусияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду»

  • 12 месяцев мурун

Орусияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнө Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган.

Бир күн мурда социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде Москвада кыргызстандык таксистке адекваттуу эмес кардар кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

Таксисттин айтымында, 18-июнда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси «сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды.

Эске салсак, орусиялык блогерлер биринчилерден болуп таксисттин мыйзамдуу укугун коргоп, бул окуяны социалдык тармактарда да билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты