ИИМ: Орусияда мекендештерин уурдап, опуза талап кылганга шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Орусияда мекендештерин уурдап, опуза талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Орусиянын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып келет.

«Орусиянын аймагында биздин мекендештер тарабынан жасалган кылмыштарды жана укук бузууларды болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келишүүдө. Жакында адамдарды уурдоо жана опуза талап кылуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ куралсыздандырылды. 11-январда болжол менен саат 2:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам кыргыз жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан. Бул факты Орусиянын ИИМдин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Муну алкагында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Алар «Аза большой» каймана аттуу Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган Ж.А. (ал эле Э.А.), Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган О.уулу Э., Лейлек районунун тургуну 1988-жылы туулган С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. болушат. Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган. Ички иштер министрлиги Орусиянын өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты