ИИМ: Оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаранга жасалма паспорт берилген
- 2 недели мурун
Кыргызстанда 2008-жылы апасын өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран 2012-жылы атын өзгөртүү менен жаңы паспортту мыйзамсыз алып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал Орусиянын аймагында да оор кылмыш жасап, соттолуп, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстанга келип, жасатып алган паспортун кайра алмаштырган. Паспортту мыйзамсыз жасоого каттоо кызматынын кызматкерлери шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Маалыматка ылайык, бул боюнча Талас облусунун райондорунун биринин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма документ даярдаган деп шектелүүдө.
Маалыматтар боюнча алар 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун адамдын атын өзгөртүп жасалмалап, мыйзамсыз беришкен. Башкача айтканда, жаран аты-жөнүн 1981-жылы туулган И.А. деп өзгөрткөн.
«Кийинчерээк текшерүү учурунда мындай сериядагы паспорт мурда башка жаранга берилгени белгилүү болгон. Бул 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган паспортту Мамлекеттик каттоо кызматында паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызмат адамдары экинчи жолу пайдаланышкан», — деп айтылат маалыматта.
Паспортту мыйзамсыз алган жаран киши өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн. Маалыматта айтылгандай, 2008-жылдын август айында 1962 – жылы туулган Р.А. аттуу жергиликтүү тургундун (аял киши) киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн аялдын баласы, 1985-жылы туулган Р.Б. аттуу жаранга издөө жарыяланган.
Бирок анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой, чет өлкөгө качып кеткен. Учурда, 16 жылдан кийин гана, оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жогорудагы жаран 2012-жылы башка жарандын атына жаңы паспорт алганы аныкталган.
Ошондой эле, аталган жаран Орусиянын аймагында дагы бир оор кылмыш жасагандыгы белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2022-жылдын ноябрында Санкт-Петербург шаарында болгон окуяда ал батирдин ээси 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөн. Ал сот тарабынан киши өлтүргөндүгү боюнча соттолуп, жазасын Орусиянын аймагында өтөйт.
Бул жаранды текшерүү учурунда документтери боюнча кармай турган эч нерсе жок, баары таза болгон (ред. ал Орусияда жасалма паспорту менен жүргөн). Себеби жаран буга чейин Кыргызстанга кайра келип, паспортун жаңырткан.
«Көрсө, ал 2022-жылы чет өлкөдөн Кыргызстанга келип, 2012-жылы алган эски паспортунун «жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу» ордуна кайрадан жаңы паспорт алып, андан кийин кетип калган»,- деп айтылат маалыматта.
Бирок, 2024-жылдын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн адамдын изине түшүшкөн. Топтолгон материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.
«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз паспорт берүү фактылары боюнча Талас облусунун райондорунун биринин (азыркы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жана азыркы кызматкерлери алынып келинип, териштирилүүдө»,- деп билдирди ИИМ маалымат кызматы
Cүрөт: ИИМ басма сөз кызматы